Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 27-январда таңкы саат 06:10до Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

"Жер титирөөнүн очогу Каракол айылынан батышка карай 6 чакырым, Кара-Сай айылынан түштүк-батышка карай 45 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 73 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-батышка карай 140 жана Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 275 чакырым аралыкта жайгашкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Жердин силкинүүсү Каракол айылында 5 балл, Кара-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Кажы-Сай айылында 3 баллга чейин сезилген .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан