Вице-премьер-министр: "Ооганстандан келген баңгизаттын айлануусу 10 эсе өстү"

“Биз жана дүйнө коомчулугу Ооганстанга коалициянын аскери киргенден бери эмне үчүн баңгизатынын айлануусу жана аны өндүрүү он эселеп өскөнүн билгибиз келет”. Мындай пикирин бүгүн, 9-декабрда вице-премьер-министр Токон Мамытов “Ооганстан жана Борбордук Азия 2014-жылы: “Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аймактагы коопсуздукту камсыздоодогу ролу” аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Ооганстандагы маңзаттын мыйзамсыз айлануусунун реалдуу абалын түшүнүү маанилүү. “Баңгизатынын көлөмүн көбөйтүү кимге пайдалуу болгон? Батышкабы? Террористтергеби? Биз азырынча жооп тапкан жокпуз. Кыргызстандын позициясы - отту ошол жактан өчүрүү керек. Эгер ал Тажикстандын чек арасына чейин келе турган болсо, аларды токтотууга мүмкүн эмес”,- деди вице-премьер-министр Токон Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан