Өзбекстан президентинин мамлекеттик сапарынын экинчи күнү эки лидердин расмий жолугушуусу менен башталат

Өзбекстан президентинин мамлекеттик сапарынын экинчи күнү эки лидердин расмий жолугушуусу менен башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Андан ары мамлекет башчылары тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелеринин кеңири топтомун, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат", - деди Султанбаев.

Ал билдиргендей, сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан сырткары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев биргеликте ЖМКларга билдирүү жасашат.

Мамлекеттик сапардын иш-чаралары УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 11:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан