Дүйнөдөгү кырдаалга карабай Кыргызстанда экономиканын өсүшү байкалып, жашоо-шарты жакшырууда, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып, республиканын кадыры артып келет. Мындай пикирин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаров менен кеңири форматта жолугушуу учурунда билдирди.
Ал мамлекеттик сапарынын алкагында жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылыгын айтты. Ошол эле учурда Кыргызстандагы реформаларга чын жүрөктөн кубана турганын белгиледи.
"Биз мындан ары да Кыргызстан президентинин программасын колдоону улантабыз. Бардык маселелерди кылдаттык менен ийне-жибине чейин карап чыктык. Эч кандай көйгөйлөр болгон жок. Эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелеринин 31 жылдык тарыхында мындай болгон эмес", - деди Мирзийоев.
Ошол эле учурда Мирзийоев Садыр Жапаровдун саясий эркине жогору баа берди.
"Садыр Жапаровдун саясий эрки болбогондо мындай жыйынтык болмок эмес. Биздин байланыштар системалуу жана интенсивдүү мүнөзгө ээ болду. Тарыхый чек ара келишими бүтүп, түзүлдү", - деди ал.