Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
Белгилүү болгондой, операция 4 саатка созулуп, аны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жанек Белеков жана онколог-хирург Өмүрбек Алишов жасады.
Мындан ары ОшМУнун медициналык клиникасында түрдүү операциялар жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылганы айтылды.