Өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине маяна ар айдын бешинен кечиктирилбей берилиши керек. Бул боюнча билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кат жолдоду.
Министрликтен кабарлашкандай, катта эгерде айлык төлөөдө кечигүүлөр орун алса, мекеме жетекчилигине дисциплинардык чаралар колдонулары айтылат.
Белгилей кетсек, Кыргыз жергесинде 2022-жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин айлыгы 80 пайызга чейин жогорулатылган.