Асылбек Жээнбеков Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флорду кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флорду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда Асылбек Жээнбеков Европа Биримдигине жакындан жардам берип жатканына жана Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле спикер 2014-2020-жылдар аралыгындагы кызматташуу программалык документинин алкагында Евробиримдиктин Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам катары 1 миллиард евро каражат бөлгөнүнө ыраазычылык билдирди. "Кыргыз Республикасы Евробиримдик менен кызматташтык мамилелерине өзгөчө маани берет. Ал аймактык интеграциянын мыкты мисалы, өтө маанилүү тышкы саясий жана соода-экономикалык өнөктөш болуп саналат",- деди Жээнбеков. 
Ал эми Патрисия Флор Евробиримдик Кыргызстанга сот-укуктук реформаларын жүргүзүүгө, мыйзам үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо аркылуу парламенттик демократияны куруу жолунда ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Кошумчалай кетсек, бул жолугушууда Патрисия Флор менен катар Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Чезаре Де Монтис да катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан