Бүгүн, 28-январда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек фольклордук талаасында “Ак кар-2023” аталышындагы кышкы спорттук иш-чара өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Мэриянын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарада мекеме-ишканалардан түзүлгөн жалпы 9 команда спорттун 4 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында мыкты аталган командаларга мэриянын дипломдору жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара шаар тургундарын сергек жашоо образына тартуу максатында уюштулганы маалымдалды.