Бүгүн, 29-январда "Жалал-Абад" аэропортунда бокс боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль уткан Нурадин Рустамбек уулун тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлады.
Ага ылайык, мушкер Таиланддын Бангкок шаарында өткөн мелдеште 71 килограмм салмакта катышкан. Аны Спорт комитетинин жетекчилиги, машыктыруучулары жана жакындары тосуп алышты.
Нурадин буга чейин жетишкен ийгиликтер:
Эске салсак, ушул жылдын январь айында Бангкок шаарында 18 жаштан 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты өттү. Ага 21 мамлекеттин спортчулары катышып, Кыргызстандан барган 12 спортчунун жетөө коло медалды багындырган.