"Ата-энеси каршы болуп". Өзбек лидери Шавкат Мирзийоевдин жубайы тууралуу кызыктуу фактылар

Ушул жылдын 26-январь күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны жубайы Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова да коштоп келген. Социалдык тармактарда Зироатхон Хошимованын ажарына, кийинүү стилине жана жүрүм-турумуна суктангандар арбыган.

Буга ылайык, SUPER.KG порталы Шавкат Мирзийоевдин жубайы Зироатхон Хошимова тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Зироатхон Хошимова 1957-жылы 4-декабрда Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында туулган. Атасы - Махмуджон Хошимов. Ал шаардын эң кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон. Өз кезинде Кокондогу Орто Азия темир жол камсыздоо бөлүмүнүн, анын ичинде “Дорресторан” көчмө вагон-ресторандарын жетектеген. Айрым маалыматтарга караганда, ал Фергана өрөөнүндөгү эң бай жана таасирдүү адамдардын бири болгон. Жакындары Зироатхонду Ойхон деп аташчу. Апасы тууралуу так маалымат жокко эсе.

Кесиби боюнча иштебейт

Хошимова Ташкент шаарындагы Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Кесиби боюнча инженер-экономист. Учурда үй-кожойкеси, кесиби боюнча иштебейт.

Институттан таанышкан түгөйлөр

Зироатхон Хошимова менен Шавкат Мирзийоев Ташкенттеги Айыл чарба институтунда окуп жүргөндө таанышышкан. Анда Мирзийоев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова мыкты окуган студенттердин бири болгон. Курсташтары аларга суктанып, эң сонун жана интеллектуалдуу түгөйлөр деп эсептешчү. Бирок Зироатхондун жакындары, өзгөчө чоң ата, чоң энеси алардын мамилесине каршы болушкан. Ошого карабастан алар Мирзийоевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен үйлөнүшкөн. Экөөнүн жаштары тең. Турмушка чыккан соң Хошимова өз фамилиясын сактап калган.

Ислам Каримовдун тушунда күйөөсү премьер-министр болуп турган чакта ал мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлбөй, эл алдына чыкпай жүргөн. Качан Мирзийоев президент болгондон кийин ал бир нече чет элдик сапарларда, анын ичинде Кыргызстан, Кытай, Түштүк Корея, АКШга жолдошун коштоп, көптөгөн мамлекеттик иш-чараларга катышкан.

Эл аралык "Замин" коомдук фондунун камкордук кеңешинин төрайымы. 2016-жылы Өзбекстандын биринчи айымы аталган. Хошимова илим-билимге, адабият жана искусствого кызыккан айым болгону айтылат.

Балдары

Өзбекстандын биринчи айымы Шахноза, Саида аттуу кыздарды жана Даврон аттуу уулду жарык дүйнөгө алып келген. Тун кызы Саида Мирзийоева 2019-2022-жылдары президенттик аппараттын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин жетекчисинин орун басары, 2022-жылдан бери улуттук масс-медианы өнүктүрүү жана колдоо боюнча коомдук фонддун камкордук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштейт.

Кээ бир маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзийоевдин жан сакчысы экенин жазып жүрүшөт.

Шавкат Мирзийоев жана Зироатхон Хошимованын учурда 6 небереси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jyrgal86
2023-01-30 22:01:00
Сулуу айым экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан