Жөлөк пул алууга документ чогултуу жеңилдеди

Маалымат алмашуу автоматташтырылып, жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу бир аз жеңилдеди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эмгек министрлиги "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык тутумдары менен Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумунун ортосунда "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну баштады.
"Бул сервис министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө социалдык төлөмдөрдү дайындоого кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым катты ыкчам алууга шарт түздү. Жашаган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым каттар мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилип келген.
Учурда муниципалдык кызматтардын базалык реестринен бул маалым каттарды берүү функциялары алынып салынган. "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кирбей калган жарандар, алар жөнүндө тиешелүү маалыматтардын жоктугуна байланыштуу базага каттоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуусу зарыл", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан