Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында шаардык муниципалитетте абанын булганышы боюнча атайын ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, ага борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышып, иш-чаралардын кыска жана орто мөөнөттүү, ошондой эле узак мөөнөттүү планы талкууланды. Кыска жана орто мөөнөттүү иш-чаралар 2023-жылдан 2025-жылга чейин аткарыла турган иштер, ал эми узак мөөнөттүү иш чаралар 2025-2050- жылдары ишке ашырыла турган пландар болуп саналат.
Мэрия шаардагы ыштан арылуу үчүн төмөнкү сунуштарды киргизди:
Кыска мөөнөттүү иш-чаралардын сап башында Бишкек шаарынын турак жай конуштарын газдаштыруу турат. Тактап айтканда 2023-жылы 5 конушту газдаштыруу пландалууда.
Экинчи орунда муниципалдык бардык көмүр отканаларды газга жана башка альтернативдүү жылуулук булагына өткөрүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле келерки жылы өтүүчү от жагуу мезгилинде Бишкек шаарында “Кара-Кече” көмүрүн жагууга чектөө киргизип Казакстандын жогору калориялык көмүрүн киргизүү маселеси талкуууланды. Мындан тышкары жаңы конуштарда 12 муниципалдык мончолорду куруу зарыл.
Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу.
Азыркы учурда 1 500 экологиялык транспортко болгон жалпы муктаждык бар. Мындан тышкары коомдук транспорт жана такси кызматы үчүн бөлүнгөн жол тилкесин түзүү жана 500 даана экологиялык коомдук транспортун киргизүү маселеси көтөрүлдү.
Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын кире беришинде шаарга кирген автоунааларын каттоо видеокамераларын орнотуу, техникалык абалын белгилөөчү системасын өздөштүрүү, унаалардын экологиялык нормаларга шайкештигин текшерүү сунушу каралды.
Мындан тышкары бир түстөгү 500 даана электр таксилерди сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралууда.
Жыйында каралган маселелердин бири Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча сейил бактардын жана гүл бакчалардын аймактарын көбөйтүп, сейил бактардын аянтын 21.6 гектарга чейин кеңейтип, бак-дарактарды отургузуу жолу менен “Жашыл коридорлорду” куруу долбоорун жүзөгө ашыруу.
Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу, борбордун аймагын Чүй облусунун эсебинен кеңейтүү сунушу киргизилди.
Айтылган сунуштардын арасында орто мөөнөттүү иш-чаралар планы:
Башкача айтканда 2025-жылга чейин Финансы министрлиги менен биргеликте 1000 даана экологиялык коомдук транспорт алуу маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле кошумча каражат маселесин караштыруу менен жөө жүрүүчүлөр жана вело жол – инфраструктурасын өнүктүрүү (Ала-Арча, Аламүдүн, ЧЧКнын сууларынын жээк линияларын өнүктүрүү) каралууда.
Жыйында узак мөөнөттүү чаралар арасында темир жолду шаардын сыртына чыгаруу, көп кабаттуу үйлөрдү курууну жөнгө салуу, жол тыгындарын азайтуу максатында жол-транспорттук түйүндөрдү кароо, жолдорду кеңейтүү жана ачуу маселелери сунушталды. Мындан тышкары Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө, башкача айтканда эл жана транспорт көп топтолуучу жерлер жайгашкан базарларды, автобекеттерди жана калкты тейлөөчү мекемелерди шаардын чет жагына көчүрүү сунушу берилди.
Узак мөөнөттүү чаралар:
Энергетика министрлиги тарабынан ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү зарылдыгы белгиленди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн долборлорду ишке ашыруу максатында дуйнөлүк жашыл экономикага, экологияга жана климаттык өзгөрүүгө багытталган каражаттарды тартууснун негизинде долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы айтылды.
"Аталган сунуштарды калаа башчысы Министрлер кабинетинин төрагасына айтып берип, өз кезегинде Акылбек Жапаров кошумча сунуштары менен бөлүштү", - деп айтылат маалыматта.