Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаменттин башчысы Абдумуталип Калбеков маалымдагандай, Ош шаарында 3 жылдан кем эмес жашаган, шаарда каттоосу бар, туруктуу үйү жок жарандар бир жолу мыйзамдын негизинде Ош шаарынын аймагынан бекер жер тилкесин ала алышат. Бүгүнкү күнгө жер тилкесин алууга 25 миң атуул арыз менен кайрылышса, алардын 7150 атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өткөн. “Жер алууга кайрылган жарандардын жери бар же жок экендигин аныктаган, турак үйүн же жер үйүн, каттоосун аныктап текшерген атайын комиссия бар. Айрыкча жер тилкени шаарда каттоодо турбаган жарандар алууну каалашат. Шаарда катталбаган жарандарга жер тилке бере албайбыз”,- дейт Калбеков. Мындан сырткары жер алууну каалаган шаардыктарга жер тилкелери жетиштүү экендиги департамент тарабынан маалымдалды. Ошондой эле учурда башкы пландын негизинде Араван районунун Катта-Сай айылынан жер тилкелери берилүүдө.