Ысык-Көл: Жети-Өгүз районунда тынчтык митинги уланууда

Бүгүн, 9-декабрда Жети-Өгүз районунун Саруу, Дархан, Жеңиш, Жаргылчак, Оргочор айылдарында тынчтык митинги уланууда. Алардын талабы  - “Кумтөр” боюнча кармалган балдарды бошотуу жана “Кумтөрдү” элдин пайдасына чечүү.

Митингдин катышуучусу Абай Узаковго байланышка чыкканыбызда ал: “Учурда абал бир аз оорлошуп жатат. Бизге спецоперация даярдап жатыптыр деп Бишкектен балдар чалышты. Ошондой эле райондун мал базарында милиция кызматкерлери чогулуп жатышыптыр”,- деп билдирди.

Ал эми күч органдары мындай маалыматты четке какты. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакуновдун айтымында, митингчилерге эч кандай күч колдонулбайт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан