Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргызстан эки баскычтуу бюджетке эрте өтүп алды” дейт

“Кыргызстанга үч баскычтуу бюджет керек, эки баскычтуу бюджетке биз эрте өтүп алдык”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин 9-декабрдагы жыйынында. Сатыбалдиев эскини бузуудан мурун, жаңыны куруу керектигин кошумчалады. “Канча айыл өкмөт башчысынын иши тергөөдө турат, аларды уурулук кылды деп айта албайм, бирок мамлекеттик каражатты туура колдоно албай жатабыз. Эртеби-кечпи аймактык-административдик реформа жасайбыз”,- дейт Сатыбалдиев. 

Өкмөт башчы өлкөдө туруктуулук болсо, аталган реформаны жасоо зарыл экенин билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан