Ноокенде жоголгон 2 окуучу кыз Бишкектен табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 2 окуучу кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, 24-январда саат 12:45 чамасында Ноокен районунда 6-класста окуган классташ 2 кыз мектепке барабыз деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Бул окуя Ноокен милициясы тарабынан каттоого алынып, кыздарды издөө иштери башталган. Анын натыйжасында алар Бишкек шаарынан табылды.

Алар үйлөрүнөн кетишинин себеби катары жакындарына болгон таарыныч себеп болгонун көрсөтүшкөн. Алар Ноокен районуна алынып келинип ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Дайынсыз болуп жаткан кыздарды Бишкекке алып кеткен айдоочу Ноокен РИИБине чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан