Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Орусиянын түрмөсүндө жатып Украинадагы согуштан каза болгон Кыргыз жигити боюнча маселе көтөрдү.
"3 жыл Орусиянын түрмөсүндө отурган жарандын сөөгү Луганск шаарынан келди. Биздин түрмөдө отурган жаран Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта кандайча пайда болду. Биздин элчилик ушуну иликтеп берсин. Ал өз каалоосу менен кеттиби же кандай кетти тактап бергиле", - деди Абдалиев.
Редакциябызга Асылбек Абдибалиев аттуу жаран кайрылып Орусиянын абагында отурган агасынын сөөгү Украинадагы согуштан келгенин айтып берген. Ал эми ТИМ менен Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги эч кандай маалымат берген эмес.