Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев пленардык жыйындарга, комитет жыйындарга катышпай жаткан өкүлдөргө талаптар катуу коюлганын айтып өттү.
Мага дагы "өзүнөн баштабайбы, көп учурда ордунда жок болот" деген сөздөр айтылып жатат. Мен ошого жооп берип коёюнчу. Мен төрага катары бир топ иш-чараларга катышат экенмин. Чет өлкөлүк элчилерди кабыл алып жатабыз. Сиздер менен жолугуп жатам. Мен бул жерде отурбаганым менен ишимди так аткарып жатам", - деди Шакиев.