Бишкек шаарында адамдын жүзүн тааныган видеокамералар орнотулат

Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамераларды орнотуу сунушталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ички иштер министрлиги жыйын өткөрүп, натыйжада Свердлов, Биринчи Май, Октябрь жана Ленин районунун аймактарында адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын орнотуу керектиги тууралуу демилге көтөрүлдү.

Учурда Биринчи Май райондук администрациясы райондогу коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады.

"Өлкө боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын ичинен 519 видеокамера коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Ал видеобайкоо камералары 360 градуска айлануу, 500 метрге чейин жакындатуу функциясы менен жабдылган. Ошондой эле бул тутум адамдардын жүздөрүн аныктоо функциясына ээ", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаттарынын бири - шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу экени айтылат.

Жүздү идентификациялоо - бул сүрөттөгү же видеодогу адамды автоматтык түрдө аныктоого (сүрөттө ким бар экенин таануу) же текшерүүгө (сүрөттө бул адам экенин ырастоо) мүмкүндүк берүүчү технология. Учурда издөөдө жүргөн адамдарды кармоо, дайынсыз жоголгон адамдардын жүргөн жерин аныктоо, тартип бузууларды же мушташтарды алдын алуу, кылмыш бетин ачуу жана жарандарга ар кандай жардамдарды көрсөтүү процесстери жүрүүдө.

ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы видеокамералар аркылуу 3431 кылмыш жана окуялар аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан