Токмокто каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Токмок шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январь күнү саат 22:00 чамасында Токмок шаарынын тургуну М.В. аттуу жарандын үйүнүн короосуна белгисиз адам кирип келген. Ал балта жана башка шаймандар менен уруп-сабап, денесине залал келтирип, анын Дайхатсу үлгүсүндөгү унаасын жана уюлдук телефондорун алып алган.

"Бул факты Токмок ШИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.Токмок ШИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катарында 1989-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", -деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан