Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, бир наристе каза болду

Кечээ, 31-январь күнү Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 1 наристе каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол коопсуздугунун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ саат 15:00 чамасында Чоң-Өрүктү менен Орто-Өрүктү айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Анда Орто-Өрүктү айылынын тургуну 1990-жылы туулган Ж.А. Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршысында келе жаткан Бостери айылынын тургуну 1994-жылы туулган А.Анын башкаруусундагы Хонда CR-V үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.

Натыйжада А.А.нын жүргүнчүлөрү Ак-Суу районунун Чолпон айылынын тургуну 1978-жылы туулган Т.У. Бостери айылынын тургуну 2000-жылкы М.А. райондук ооруканага кайрылышкан.

Ал эми айдоочунун кызы 2022-жылы туулган М.А. ооруканага жетпей жолдон чарчап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан