"Азыр чийки". Садыр Жапаров ОСАГО мыйзамы боюнча үн катты

Өлкө башчы Садыр Жапаров өлкөдөгү унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) мыйзамы боюнча өз оюн айтты.

"Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров бул мыыйзам долбоору азырынча чийки экенин айтып, эл азыр жеке жактарга ишенбей турганын белгиледи.

"ОСАГО боюнча айта турган болсом, бул автомобилдерди камсыздандыруу долбоору 2015-жылы эле башталган иш экен. Баарын териштирип көрүп, долбоорду жылдырдык. Азыр чийки. Анан да бул долбоорду мамлекет өзү колго алыш керек. Эч кандай жеке жактарга бербеш керек. Эл азыр жеке жактарга ишенбейт. Кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнүшөт. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен киргендей кылам. Себеби бул долбоор негизинен элге пайдалуу эле долбоор. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында автомобилдер камсыздандырууда турат. Болгону камсыздандырууну туура, адилеттүү, калыс иштетиш керек.

Эрежелерин толук иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Жакшы иштеп кетсе, балким, кийинчерээк жеке жактарга дагы уруксат берсек болот. Элге тандоого мүмкүнчүлүк болот. Автоунааларын мамлекеттик компанияда камсыздандыргысы келеби же жеке компаниядабы. Атаандаштык болуп турат", - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, ОСАГО жөнүндө мыйзам жети жыл мурун кабыл алынган. Бирок документти ишке ашыруу ушул жылга чейин бир нече жолу кийинкиге калтырылып келген. Эми өлкөдө айдоочулар автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) ушул жылдын башынан тарта алып башташы керек. 1-апрелден тарта полиси жокторго 3000 сомдон айып пул салынары кабарланган.

Бирок Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев ОСАГО боюнча мыйзам кийинкиге жылдырыла турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-02-02 07:33:00
Ооба туура, азырынча эрте
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан