Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өлкө синоптиктеринин божомолунда 2-февралдан 6-февралына чейин жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113 чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
"Эгер сиз алыскы жолго чыгууну, тоолордо эс алууну пландасаңыз, зарылчылыгы болбосо, башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз.
Сиздин жана жакындарыңыздын өмүрү коопсуз болсун!", - деп билдиришти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан