Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди. Бул техника Беларусь Республикасынан сатылып алынган жана Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн куралдануусунда болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай мобилдик (көчмө) зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды, аны каалаган убакта жана каалаган жерде жайгаштырууга болот.
Мындан тышкары, чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар сатылып алынган.
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда жаңы техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты,
Техниканын жаңы запастык бөлүктөрүн, байланыш каражаттарын, аткыч куралдарды, танкка каршы жана тик учактын ок-дарыларын, инженердик жабдууларды, снайпердик мылтыктарды, тапанчаларды, гранатометторду, реактивдик снаряддарды жана башка көптөгөн нерселерди карап чыкты.
Мамлекет башчысына МИ-8 аскердик тик учактарынын учуу мүмкүнчүлүктөрү дагы көрсөтүлдү.
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эл аралык кырдаал ыкчам өзгөрүп жатканын баса белгилеп, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар акылга сыйбаган масштабдары жана кесепеттери менен мүнөздөлүп жатканын айтты.
"Буга кошумча, маалыматтык согуш жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөш жүргүзүүнүн башка да аскердик ыкмалары басымдуулук кылып жатат. Азыркы түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан дагы күчтөндүрүүнү талап кылууда", - деди ал.
Садыр Жапаров меймандостугу менен кыйла өлкөлөргө таанымал Кыргызстан аскердик саясатын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу принциптеринин негизинде түзүп жатканын белгиледи, андыктан, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо — мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири.
Президент бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жаңы концепциясын эске салды. Ал документтин негизги максаты — өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген көрүнүштөрдүн алдын алуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган күч-аракеттерди топтоштуруу жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат. Мындан башка Куралдуу Күчтөрдүн ишмердигин ар тараптан өнүктүрүү, айрыкча, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынган.