Бүгүн, 1-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, тараптар өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун аныкташты.
"Бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу, "Сауд өнүктүрүү" фонду аркылуу Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана 2023-жылы биргелешкен бизнес форумдарды уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат билдирүүдө.