"Көпчүлүк аймакта кар жаайт". 2-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 2-февралда көпчүлүк аймакта кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,

Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан