Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин жана Терек-Суу айылынын милициянын аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Жекшенбек Токтоналы уулу 2014-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөөдө.
Ички иштер органдарындагы алгачкы кызматын Атайын операциялар отрядында кызмат өтөө менен баштаган. Бала чагынан спорт менен достошкон офицер коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүүдөн сырткары айылдын жаш муунун сергек жашоого чакырып, спорттук мелдештерди уюштуруп, жаштарды туура жолго салууга болгон күчүн жумшап келет. Муну менен жаштарды жаман иштен оолак кылып, кылмыштуулуктун алдын алууга чоң мүмкүндүк берет экенин белгилеп өттү.
“Ат адамдын канаты” демекчи Жекшенбек Токтоналы уулунун "Прада" аттуу аты бар. Аны менен айылдын аймагын кыдырып, коомдук коопсуздукту камсыздап турат. "Прада" күлүк аттардан болгондуктан, Кыргызстан боюнча ат чабыш оюнунда биринчи орунду ээлеген. Мындан сырткары ал оодарыш жана улак тартыш оюндарына катышып келет.
Өзү Ача-Кайыңды айылында жашагандыктан, күн сайын "Прада" менен 8 чакырымга чейин басып өтүп, жумуш ордуна келет. Ат-Башы району тоолуу аймак болгондуктан айрым жерлерге унаалар бара албайт. Андыктан ат менен гана барууга мүмкүн. Ушуга байланыштуу Жекшенбек Токтоналы уулу аты менен Ат-Башынын ызгаардуу суугуна карабай элге кызмат кылып келүүдө.
Кошуналар жана тейлеген айыл аймактын тургундары арасында кадыр-баркка ээ болуп, 3 жылдан бери ушул жакта милициянын аймактык тескөөчүсү болуп кызмат өтөйт. Кызматтан тышкары үй-бүлөлүк жашоодо жубайынын жана балдарынын камын көрүп, мээримдүү ата жана камкор жолдош болуп келет.