Депутат умрага кетип бара жаткан жаран миң сом үчүн аэропортто уча албай калганын айтты

Умрага учуп бара жаткан жаран миң сом айып пулу бар үчүн "Манас" аэропортунан токтотулду. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-февралдагы жыйынында айтты.

"Мен бүгүн "Манас" аэропортунда болуп жаткан көйгөйдү көтөргүм келди. Мага бир топ жарандар кайрылды, анын ичинде бир-эки жараныбыз түнкү саат 3тө кайрылды. Себеби умрага кетип бара жаткан жеринен учакка киргизбей алып калышыптыр. Болбогон бир "Коопсуз шаар" камерасындагы миң сом айып пулу үчүн.

Ал боюнча териштирдик, биринчиден атайын сайтта айып пулу жок болуп чыгып жатат. Ага эч ким эскертүү бербептир. Анан анда эмне күнөө? Канчалаган акчасын кетирди. Миң сомду ошол эле аэропорттон төлөй турган кылып койсо болот да, келиңиздер шарт түзүп берели", - деди Марлен Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erma78
2023-02-02 11:46:00
Туура кылыптыр. Мыйзамды бузган депутаттар толтура. Оздору бузулган адамдар бугун депутат болуп олтурасынар кооз создорду суйлоп, колунардан эч нерсе келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан