Таиланддын премьер-министри кызматтан кетти

Таиланддын премьер-министри Йинглак Чинават отставкага кетти жана парламентти таратарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.
Бүгүн эртең менен Йинглак Чинават кызматтан кетерин жергиликтүү телеканалдар аркылуу маалымдаган. Ал мындай кадамга Бангкоктогу кандуу окуялардын алдын алуу максатында барганын айтты. Белгилей кетсек, премьер-министр мындай чечимге бир сутка ичинде келген. Буга чейин ал эл суранмайынча премьер-министрликтен кетпөөсүн жана парламентти таркатпоосун айткан болчу.  
Бүгүн ал премьер-министрлик кызматын тапшыруу максатында Таиланд ханы Пхумипон Адульядетке кат жибергенин жар салды. Хандын жаңы жарлыгына ылайык, Йинглак Чинават жаңы парламент шайланып, өкмөт курамы бекитилгичекти премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу катары кызмат кыла берет. Парламенттик шайлоо 2014-жылдын 2-февралына белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан