Эртең, 5-февралда өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Белгиленгендей тоолуу райондордо да кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,
Бишкекте 5-февралга караган түнү кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7 болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.