Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 9-декабрда “Ооганстан жана Борбордук Азия 2014-жылы: ЖККУнун аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы ролу” деген темада тегерек стол өткөрдү.
Аталган комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев Ооганстандан эл аралык коалициялык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин окуя өнүгүшүнүн ар кандай варианттары болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал ушу тапта жүрүп жаткан ички ооган пикир алышуулары оң натыйжа берерине ишеним артарын айтты. “Ошого карабай ЖККУ өлкөлөрү менен кызматташуу аркылуу мамлекеттин куралдуу күчтөрүн бекемдеп, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл”, - дейт ал.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов окуянын андан ары өрчүшүн күтүп отура бербей, азыртан тиешелүү чараларды көрүү зарыл экенин айтты. “Ооганстанга жардам бериш керек, бирок ага жолтоо да болбош зарыл”,- деди ал.
Иш-чарага катышкан Коргоо министрлигинин, Чек ара кызматынын, КОСУнун окутуучулары, аскер эксперттери, жарандык коом өкүлдөрү 2014-жылдагы окуялардын өнүгүшү жаатында өз пикирлерин айтышты.