Кыргызстандын абактарында 7 жарым миңден ашуун адам отурат

Кыргызстандын абактарында 7 миң 529 адам отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

"Алардын ичинен менчикке каршы кылмыштарды — 2 миң 98 адам, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштарды — 1 миң 767, баңгизаттарына байланыштуу кылмыштарды - 1 миң 50, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштарды — 638 адам жана башка кылмыштарды жасашкан", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, соттолгондордун басымдуу бөлүгүн (1301) 18 жаштан 30 жашка чейинки жана 33 жаштан 55 жашка чейинки (4262) жарандар түзөт.

Белгиленгендей, 572 адам чет мамлекеттердин жарандары, алардын 285и жазасын өтөп жаткандар, 287си издөөдө. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 99 адам келген, анын ичинен 47си кылмыш жоопкерчилигине тартылса, 52си жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн алынып келген.

Шериктештик өлкөлөрүнө 23 адам экстрадицияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
agekifol
2023-02-06 01:13:00
agekifol
2023-02-06 01:14:00
agekifol
2023-02-06 01:14:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан