АКШнын Бишкектеги элчилиги виза алуу үчүн күтүүнү кыскартты. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.
Белгиленгендей, эми виза алуучулар үчүн маектешүү алда канча эртерээк өтүшү мүмкүн.
"АКШ элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын, бул сиздин интервьюңуз алда канча эртерээк өтүшү мүмкүн экенин билдирүүгө кубанычта! ", - деп айтылат маалыматта.
Шейшемби, 7-февраль күнү саат 16:00дө 2023-жылдын февраль-август айларына жаздыруу үчүн кошумча орундар ачыла турганы кошумчаланды.