Кыргызгидромет борбору берген маалыматка ылайык, эртең, 6-февралда Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде күндүзү жаан-чачын күтүлөт. Ал эми Талас өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз +4 … +9,
Талас облусунда түнкүсүн -2 … -7, күндүз +4 … +9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2 … +3, күндүз +8 … +13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 … -9, күндүз 0 … +5,
Нарын облусунда түнкүсүн -13 … -18, күндүз -5 … -10,
Бишкекте күндүзү жаан жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн -1 … -3, күндүз +6 … +8 болот.