Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы жаңы ачылган автобустук каттамдарды тейлөө үчүн айдоочуларды жана оңдоочу-слесарларды жумушка кабыл алат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымат таратты.
Белгилүү болгондой, талапкерлерде D категориясындагы айдоочулук күбөлүк, жоопкерчилик, жумушуна тактык болушу шарт.
Толук маалымат алуу үчүн номерлер: 0500040664; 0705311094; 0771649191; 0553392374.