Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерин орден менен сыйлады

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин аппараты менен Иш башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине көп жылдык эмгеги, парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Жээнбеков кыргыз парламентинин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. “Ушул мезгил карт тарых үчүн бир гана көз ирмем экендигине карабай, өткөн 75 жыл кыргыз парламентинин өнүгүүсүнүн бүтүндөй бир доору болду. Азыр биз башкача тарыхый шартта жашап, кайра жаралуу кезеңин баштан кечирип жатабыз. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кеңейүү менен бирге, жоопкерчилиги да ошончолук артты. Алдыда парламенттик демократия тажрыйбаларын өздөштүрүү, өткөөл мезгилди татыктуу басып өтүү милдети турат”,- деди парламент спикери.

Жогорку Кеңештин аппаратынын жооптуу кызматкерлерине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын “Содружество” орденин жана Ардак грамотасын тапшырды.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин бир катар кызматкерлерине алкыш жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан