Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында очогунда күчү 5,4 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:11де катталган. Жер титирөөнүн очогу Малатья шаарынан 33 чакырым түштүк-чыгыш, Синжик шаарынан 16 чакырым түндүктө жайгашып, очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.
Бул жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат жок.
Бул бүгүн, 7-ферваль күнү Түркияда катталган экинчи жер титирөө. Буга чейин Бишкек убактысы боюнча саат 09:13тө Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болгон.