Жантөрө Сатыбалдиев мушкер Алмазбек Раимкуловго кол саатын белек кылды

Бүгүн, 9-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бир нече жолку эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, мушкер Алмазбек Раимкуловду кабыл алды. Жолугушууга Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Мурат Саралинов да катышты. Өкмөт башчы мушкерге Кыргызстанда спорттун бул түрүнө кошкон салымы үчүн жогору баасын берди. “Дүйнөлүк рингде жеңиштерге жетишүү менен Алмазбек Раимкулов мамлекеттин намысын татыктуу коргой алды. Өкмөт эл аралык мелдештерде биздин мекенибиздин туусунун бийик көтөрүлүүсүнө кызыкдар”,- деди Сатыбалдиев. Алмазбек Раимкулов премьер-министрге жылуу кабыл алып, колдоо сөзүн айтып, келечек пландары менен бөлүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди. “Эл аралык рингдерде мен ар дайым Кыргызстандын намысын коргоп келдим”,- деди спортчу. Жантөрө Сатыбалдиев Алмазбек Раимкуловго КРнын Өкмөтүнүн атынан кол саатын белекке берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан