Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Пенсиядагы адам өзүнүн үлүш
жери үчүн Социалдык фондго
белгилүү бир суммада акча төлөйбү? Бул төлөмдөр эмнеликтен жана кайсы жылдан бери
милдеттүү түрдө төлөнөт? Биздин үй-бүлөдө атама, апама
жана мага тиешелүү 1,20
гектар үлүш жерибиз бар. Ал жерди, жаңылбасам, 1995-жылдары алганбыз. Бир-эки
жылдан бери райондук Соцфонд өкүлдөрү келип, "үлүш жериңер үчүн төлөгүлө" деп олчойгон
суммадагы акчанын эсебин беришет. Ал
сумма 1995-жылдан берки төлөмдөр, туум акчасы менен экен. Буга чейин бизге "мындай төлөм бар, бирок ал ыктыярдуу төлөм" деп түшүндүргөн эле. Кийин өзүңөрдүн пенсияңарга топтоло турган төлөмдөр дешти. Атам менен апам 1990-жылдан бери
пенсиясын алышат. Мен болсом ИИМде кызмат кылам. ИИМдин пенсиялык фонду өзүнчө. Биз жогорудагы төлөмдү төлөшүбүз керекпи? Кайсы укуктук ченемдик актынын
негизинде?
Суроо калтырган Az81kg Жооп: - Ооба, пенсия курагындагы адам өзүнө тиешелүү үлүш жери үчүн Соцфондго кошумча каражат төлөйт. 1996-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесине ылайык, төлөмдөр юридикалык жакты түзбөстөн уюштурулган дыйкан чарбалары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жер салыгынын базалык чендеринин өлчөмүнө карата белгиленет. Ошондой эле пенсия курагы келгенде экинчи
камсыздандыруу бөлүгү катары эске алынат, да пенсионерге кошумча каражат катары төлөнөт.
Мындан сырткары ар бир райондун жана айылдын климаттык жер үлүштөрүнө карата каражаттын суммасы белгиленет. Сиз жашап
жаткан аймакка жакын турган Социалдык фонддун адистерине кайрылып, жер үлүшүнөн канча суммада каражат төлөнөрү жөнүндө так маалымат алсаңыз болот.
Ал эми айтылгандардан сырткары, өзүңүзгө белгилүү болгондой, пенсия менен камсыздоо КР Мыйзамы менен жөнгө салынат. Ал мыйзам менен камсыздандыруу принциптери белгиленген
жана учуру келгенде жарандарды пенсия менен камсыздоо Соцфонд тарабынан кепилдик
берилет.
КР Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө милдеттүү түрдө жүргүзүлөт жана төлөнгөн каражаттар ар бир камсыздандырылган адамдын жеке эсебине түшөт. Келечекте камсыздандыруу тажрыйбасы катары эсепке алынып, болочоктогу
пенсиясына кошумча акча катары кайра кайтарылып берилет.
Суроого
КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Нурбек Жанарбекович жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.