Каракол шаарындагы №5-Нариманов орто мектебинин директору Анара Алышпаева мектептеги рэкетчилик фактысын жашыргандыгы үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу 9-декабрда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 5-декабрда жогоруда аталган мектепте 10-11-класстардын ортосунда уруш чыгып, 10-класстын окуучусу Файзулла Даутов сабалган. Бул фактыны мектеп директору жашырып койгон.