Президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду.
Жумушчу топ ушул жылдын 1-июнуна чейин мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкуулоого алып чыгышы керек.
Курамы:
- Укушов Мурат Каниметович - Президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси;
- Айылчиев Алмаз Асимович - Президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
- Туратбек уулу Акылбек - Президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
- Акулуев Урмат Шабынович - Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын начальниги;
- Ажыбаев Майрамбек Рысмендиевич - Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын методологиялык иш бөлүмүнүн начальниги;
- Курманбаева Аида Маратовна — «Адилет» Укуктук Клиникасы» коомдук фондунун өкүлү;
- Аскарбеков Айбек Аскарбекович — «Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү;
- Качикеева Бакыта Женишбековна — «Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун өкүлү;
- Эргешбаева Таттибубу Нурбековна — «Кей Джи юристтер коомчулугу» коомдук фондунун өкүлү;
- Дуйшенбеков Нурдин Ракымбаевич — «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Какеев Искендер Бакытович — «Сорос Кыргызстан» коомдук фондунун өкүлү;
- Ускенбаева Гульнара Тураровна — «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү;
- Умуралиева Калича Кусеиновна– «Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү;
- Байжуманова Аида Сарайбековна — «Укуктук кыймыл: Бир Дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Добрецова Надежда Николаевна — «Өнүктүрүү саясий институту» коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Чиркина Галина Эдуардовна — «Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Ашуров Азизбек Джусунбекович — «Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Ашуралиева Тахмина Мирзалыевна — көз карандысыз юридикалык эксперт;
- Сатыбеков Бакытбек Эркинович — «Жарандык демилгелерди илгерилетүү боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Жуманазарова Аида Байышбековна — Эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү.