Бишкекте Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматында айтылат.
Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, жолугушуу 3-9-февраль күндөрү өттү.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында пландалууда.