Түркияга жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу жайлары ачылууда. Бул жөнүндө ӨКМ маалымат таратты.
Анда айтылгандай, жабыр тарткандарга (чоңдор жана балдар үчүн) кышкы жылуу кийимдер, жамгырда кийилүүчү күрмө, өтүк, кол кап, ымыркайлар жана аялдар үчүн гигиеналык баштыктын топтому керек.
Мындан сырткары медициналык каражаттар, чатыр, керебет, чатырга ылайыкталган матрацтар, жууркан, термос, кол чырак, портативдүү заряддагыч (повербанк) өтө зарыл.
Эскертүү! Кийилген кийимдер жана тез бузулуучу азык-түлүктөр кабыл алынбайт.
Гуманитардык жардамдарды кабыл алуу түйүндөрүнүн дарегин ӨКМнын облустук башкармалыктарынан тактаса болот:
Маалымат үчүн: Түркияда 6-февралда катуу жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 12 миңден ашуун адам каза болуп, кеминде 63 миң жаран жаракат алган (ред.: акыркы маалымат боюнча). Буга байланыштуу Түркияда 7 күндүк аза күтүү жарыяланган. Кыргызстан жабыр тарткан түрк калкына көмөк берүү үчүн 63 куткаруучусун жөнөттү. Алар Кахраманмараш шаарында кызмат кылууда. Дагы ӨКМнын 70 куткаруучудан турган тобун жиберүү мерчемделип жатат. Мындан тышкары кыргыз бийлиги Түркияда жабыркагандарга жардам берүү максатында депозиттик эсеп ачып, жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды топтоо иштерин жүргүзүүдө.