Жогорку Кеңештин депутаттары “Азаттык” радиосунун жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Медер Алиев, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев жана Эмил Токтошев жана аталган медиакоропорациянын президенти Жейми Флай, Борбор Азия боюнча программалык редактору Толкун Умаралиев, “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева жана Бишкектеги бюросунун башчысы Бакыт Асанов катышты.

Баарлашууда “Азаттык Медиа” мекемесинин айланасында болуп жаткан соңку окуялар талкууланды.

"Депутат Жанар Акаев демократиялык баалуулуктарды жайылтууда жана эркин коомду түзүүдө “Азаттык” радиосунун салымы чоң экенин айтса, депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөнү өнүктүрүүдөгү көз карандысыз медиалдардын ролу боюнча кеп кылды. Жолугушууга катышкан башка депутаттар да эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү жана бул жааттагы мыйзамдык база тууралуу сөз кылышып, ар кандай жагдайларга карабай Кыргызстан демократиялуу, ачык коом бойдон кала берерин белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде “Эркин Европа/Азаттык” медиакоропорациянын президенти Жейми Флай “Азаттык Медиа” мекемесинин тегерегиндеги жаралган кырдаалга токтолуп, аталган маселе кабатырлантып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-02-10 13:57:00
Кыргызстандын келечегине Азаттык кийлигишпе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан