Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, коллегиянын жүрүшүндө мекеменин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга пландары каралды.
Министрлер кабинетинин башчысы салык жана бажы кызматтарынын иши ажырагыс байланышта экендигин белгиледи.
"Эки кызматтын статистикалык маалыматтары дал келе баштады, учурда айырмачылыктар анча чоң эмес. Мурда фискалдык орган тарабынан берилген маалыматтар бажы кызматынын көрсөткүчтөрүнөн айырмаланып келген. Бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча көп иштер жасалды, азыр биз республиканын ичиндеги товарлардын кыймылын көрүп жатабыз, товар агымына көзөмөл пайда болду", - деди Жапаров.
Ал мындан сырткары 2022-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы сооданын көлөмү 10,5 миллиард долларды түзүп, 140,4 пайызга өскөнүн кошумчалады. Ошондой эле план аткарылбагандыгы үчүн катуу чаралар көрүлөрүн айтты.
Коллегиянын ишинин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы төмөнкүлөрдү тапшырды:
⁃ санариптик бажы системасын түзүү;
⁃ бардык бажы процесстерин оперативдүү башкарууну жана реалдуу убакыт режиминде бажы кызматынын ачыктыгын камсыз кылуу;
⁃ эл аралык соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча ишти күчөтүү;
⁃ импорттун жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштерди улантуу;
⁃ мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүдө жалган декларациялоо боюнча иштерди күчөтүү.