"Эртең сабагым бар". Түркияда 70 саат урандылардын астында калган 7 жашар Ахметтин алгачкы айткан сөзү (видео)

Түркияда жер титирөө болгондон 70 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан 7 жашар бала тирүү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Анда Адыяман шаарындагы мектептин урандысынын алдынан чыгарылган 7 жаштагы Ахмет аттуу бөбөктүн "Эртең сабагым бар" деп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миң 14кө жетип, 63 миңден ашуун адам жаракат алды.


Видео: ТРТ Хабер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан