Бишкекте Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылды. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, чогултуу жайлары төмөнкү даректерде жайгашкан:
Биринчи Май району боюнча:
Жибек-Жолу кең көчөсү № 495 дареги боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;
Ленин району боюнча:
Чүй кең көчөсү № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;
Октябрь району боюнча:
Байтик-Баатыр көчөсү, №17 дарегинде жайгашкан Муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;
Свердлов району боюнча:
Чүй кең көчөсү №28 муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.
Маалымат үчүн: Түркияда жана Сирияда 6-февралда катуу жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 20 миңден ашуун адам каза болгон (ред.: акыркы маалымат боюнча). Буга байланыштуу Түркияда 7 күндүк аза күтүү жарыяланган. Кыргызстан жабыр тарткан түрк калкына көмөк берүү үчүн 63 куткаруучусун жөнөттү. Алар Кахраманмараш шаарында кызмат кылууда. Дагы ӨКМнын 70 куткаруучудан турган тобун жиберүү мерчемделип жатат. Мындан тышкары кыргыз бийлиги Түркияда жабыркагандарга жардам берүү максатында депозиттик эсеп ачып, жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды топтоо иштерин жүргүзүүдө.