Украинанын президенти Виктор Янукович бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү катышкан жалпы улуттук тегерек стол өткөрүү демилгесин колдоду. Мындай маалымат бүгүн президенттин расмий сайтында жарыяланды. Украинадагы саясий каатчылыкты чечүү үчүн Украинанын мурунку 3 лидери: Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко демилге көтөргөн болчу.