Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2 миллиард 509 миллион 306,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалыматты мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, бул 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 пайызга өстү.
Анын ичинен:
- салыктык кирешелер 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин 80,7 пайызы) түзөт;
- салыктык эмес кирешелер 356 180 000 сом (жалпы бюджеттин 14,1 пайызы);
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 миң сомду (жалпы бюджеттин 5,2 пайызы) түзөт.
2023-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 2 миллиард 509 миллион 306,2 миң сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 908 миллион 796,2 миң сомго көбөйгөн. 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөнкүдөй сунушталат:
- жалпы багыттагы коммуналдык кызматтар - 15,7 пайыз;
- коргонуу - 0,3 пайыз;
- экономикалык маселелер - 19,6 пайыз;
- турак жай-коммуналдык чарба - 36,2 пайыз;
- маданият жана спорт - 6,7 пайыз;
- билим берүү - 20,4 пайыз;
- социалдык коргоо - 1,1 пайыз.
- билим берүү - 20,4 пайыз;
- социалдык коргоо - 1,1 пайыз.