Бишкекте чөнтөк ууру кармалды

Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 24-январында Р.К. аттуу жаран милицияга Чүй-Сүйүнбаев проспектилеринин кесилишинде №166 маршруттук таксиде бара жатып, күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 20 000 сомдук "Редми" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатканын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, "уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалган.

Ал эми Свердлов райондук соту шектүүнү бир айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

"Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (702) 71-73-08, 0 (500) 99-66-15 же 102 телефондоруна кайрылса болот", - деп кошумчалашты милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан